Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Москвага болгон иш сапары аяктап, бүгүн, 17-майда, Абу-Даби шаарына (Бириккен Араб Эмираттары) багыт алды. Бул тууралуу КР президентинин басма сөз кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, Жапаров БАЭ президенти Шейх Халифа бин Заид Аль Нахаяндын каза болгондугуна байланыштуу аза күтүү иш-чараларына катышат.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаров 16-майда Москвада өткөн Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын жыйынына катышты.

Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимдин 30 жылдыгына жана ЖККУнун 20 жылдыгына арналган ЖККУнун мааракелик жыйынына Россиянын президенти Владимир Путин, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Беларустун президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон катышты.

ЖККУга мүчө мамлекеттердин лидерлери бир катар биргелешкен документтерге кол коюшту.