Бүгүн, 17-майда Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев менен Өзбекстандын  Мамлекеттик коопсуздук кызматынын төрагасы Абдусалом Азизов жолугушту.Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Эки өлкөнүн атайын кызматынын төрагалары Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы чек ара тилкесиндеги макулдашыла элек Гавасай участкасын тик учак менен кыдырышты.

Тараптар тийиштүү маселелер боюнча өз ара пикир алмашты. Жолугушуу жылуу достук маанайда өттү жана тиешелүү чечимдер кабыл алынды.