Бүгүн, 18-майда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, башка аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Күндүз Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда
түнкүсүн +10…+15
күндүз +24…+29
Талас облусунда
түнкүсүн +8…+13
күндүз +23…+28
Баткен облусунда
түнкүсүн +12…+17
күндүз +25…+30
Ош жана Жалал-Абад облустарында
түнкүсүн +12…+17
күндүз +25…+30
Ысык-Көл облусунда
түнкүсүн +7…+12
күндүз +17…+22
Нарын облусунда
түнкүсүн +4…+9
күндүз +18…+23.
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт, кечинде мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +11…+13 градус, күндүз +27…+29 градуска жетет.