26-27-майда Бишкек менен Чүйдө жол кыймылына чектөө киргизилет. Бул тууралуу ЖКККББнын маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, бул күндөрү Жогорку евразиялык экономикалык кеңешинин мүчөлөрүнүн жолугушуусу жана Евразия экономикалык форуму өтүп, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин президенттери келет.
Эл аралык маанидеги иш-чараларды өткөрүү учурунда жолдогу коопсуздукту камсыз кылуу максатында Бишкек шаары менен Чүй облусунда жол кыймылына убактылуу чектөө киргизиле турганы белгиленди.
ЖКККББ шаар тургундарын менен конокторду киргизилген чектөөлөрдү түшүнүү менен кабыл алып, жол эрежесин сактоону чакырды. Ошондой эле автоунааларды жол жээгине токтотпоону суранды.
«Бул күндөрү чет мамлекетке же башка аймакка кете турчу жарандар сапарын алдын ала пландап алышы керек», — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, Евразия экономикалык биримдигине быйыл Кыргызстан төрагалык кылат.