Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев Чаткалда алтын казган компаниянын жардыруусунан улам мектептин чатыры ураганын айтты.

“Бардык мектептердеги коопсуздукту карап чыгыш керек. Чаткалдагы алтын казган компания айылдын үстүндө жардырууларды уюштуруп, натыйжада мектептин үстү кулап түштү. ӨКМ эмнеге караган эмес, элдер буга чейин тынбай кайрылып келген экен”, — деди Акаев.

Депутат муну менен катар ушул окуяны текшерип, тийиштүү адамдар жооп берүүсү керектигин айтты.

Эске салсак, кечээ, 17-майда Чаткал районундагы Чымканаев атындагы №8 мектептин классынын шыбы урап түшкөн.

Саламаттык сактоонун Жалал-Абад облусундагы координатору билдиргендей, мугалим ураганга чейин окуучуларды класстан чыгарып кеткенге үлгүргөн, бирок мындай абалдан улам айрым окуучулар чоочуп калышкан.