Салык кызматынын “Чек талап кылып, байге утуп ал!” лотереясы расмий башталган учурдан тартып “Салык чек» тиркемеси менен 15 миң 771 адам пайдаланууда. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматынан кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, лотереяга катышуу максатында алар 301 миң 555 кассалык чек сканерден өткөрүшкөн, алардын ичинен лотереялык система тарабынан 208 миң 10 чек кабыл алынган, 46 миң 964 чек иштеп чыгууда, ал эми 49 миң 581 чек кабыл алынган эмес.

Лотереялык система аркылуу утушка катышуу үчүн колдонуучуларга 258 миң 609 электрондук лотереялык билет (ID номер) ыйгарылган.

Лотереяга катышуу үчүн:

– Google play же AppStore аркылуу «Салык чек» мобилдик тиркемесин жүктөп алып, каттоодон өтүү;

– товарларды сатып алууда же кызматтарды пайдаланууда ККМдин гана кассалык чегин талап кылуу;

– мобилдик тиркемеге алынган кассалык чектин QR-кодун сканерден өткөрүү зарыл.

Система сканерден өткөн кассалык чектин топтолгон суммасын утушка катышуу үчүн уникалдуу номерлерге автоматтык түрдө алмаштырат. 1000 сомго 1 уникалдуу ID номер ыйгарылат.

Система сканерленген чекти 72 сааттын ичинде иштеп чыгат жана ал «Операциялар» бөлүгүндө:

– эгерде чек салык органынын маалымат базасында текшерүүдөн ийгиликтүү өткөн болсо «Кабыл алынган» деп;

– эгерде бул чек салык органынын маалымат базасында текшерүүдөн өтпөсө «Кабыл алынган жок» деп көрсөтүлөт.

Кабыл алынбаган чектер боюнча Салык кызматы себептерин аныктоо үчүн тиешелүү иштерди жүргүзөт.