Кыргызстан быйыл көмүрдү импорттоодон баш тартып, «Кара-Кечеге» артыкчылык берет. Бул тууралуу Энергетика министри Доскул Бекмурзаев Бишкекте өткөн тегерек столдо билдирди.

Министрдин айтымында, республика жылына чет өлкөдөн көмүр алууга 32 млн доллар жумшап келген жана эми бул каражат ички рынокко калып, жумуш орундары пайда болот. Ошондой эле бул жылы «Кара-Кече» көмүр кенине артыкчылык берилет. Ошондой эле Бекмурзаев тариф саясатына кылдат мамиле жасалып, аны көтөрүү планда жок экенин да кошумчалады.

Эскерте кетсек, бул жылы 1.5 млн тонна көмүр казып алуу пландалып жатканын президент Садыр Жапаров билдирген болчу.
Анда президент 2019-жылы Кара-Кече көмүр кенинен эң көп көлөмдө – 554 миң тонна, ал эми 2021-жылы 1 млн 225 миң тонна көмүр казып алынганын белгилеген.