Адам баласы тагдырда жаңылып-жазып, азды-көптү көрүп эртеңки күндү күтүү менен өмүр өткөрөт экенбиз.  Жашым улам чоңоюп, жашоонун агымы менен кетип баратам. Бирок, апам менен жолуккан соң, тээ жүрөктүн түпкүрүндө, бала чактан калган так айыкпай эле кайра жарага туз себилгендей болду.

Анда мен 5-класста окуйт элем. Атам ичип келип, үйдө чуу чыгып, идиш-аяк сынып, апам ур-токмокто калган күндөр көп катталды. Ошондой кайталанма күндөрдөн тажаганда апам менден кичүү карындашымды ээрчитип кетип калды. Ал учурда мен мектепте элем. Апам кошуна эжеге кат калтырып, алыска кетип жатканын, карындашымды таенеме калтырарын мени жакшы көрөрүн жазып, каттын ичине 50 сом калтырыптыр.  Апам качан мага келерин айтпаптыр. Ушул ой мээме кылт дей түштү. Бакка барып алманын башына чыгып көпкө ыйладым, өпкөм-өпкөмө батпай ыйладым. Бул үчүн атамды да жек көрүп кеттим.

Арадан бир жылдай убакыт өткөндө атам ичкенин азайтып, башка бир эжени үйгө ээрчитип келди. Ал менин өгөй апам эле. Адатта өгөй апалар каардуу келип, күйөөсүнүн балдарына күн көрсөтпөй келет эмеспи. Менин өгөй апам тескерисинче боорукер аял экен. Келген күндөн мени жуунтуп, мектепке кийген ак көйнөгүмдүн жакасын агарта жууп, тамакты да даамдуу жасайт экен. Ал мага бир каттуу айтпады. Ар качан да «балам» деп  чакыра турган. Атам ичип мас болгондо, «апаң жаман, апаң экөөбүздү таштап кеткен» деген сөздөрү  оюмда калып, бала сезим менен бул жакшы апа экен, бизди жакшы карайт экен деп ага көнүп бараттым.

11-классты бүтөөрдө өз апам менен карындашымды издеп барып жолуктум. Карындашым бой жетип, сулуу кыз болуптур. Апам Россияда иштеп мен баргандан эки күн мурун келген экен. «Өзүм да сага барайын деп жаткам» дегени менен эмнегедир апамдан мерездикти көрө алдым. Ал, атам, өгөй апам тууралуу сураганда, баарын айттым. Атамдын ичпей калганын, өгөй апам боорукер экенин,  ар убак мага жан тартып турарын айттым. Бул сөздөрүм апама жакпай кетти окшойт, кабагы бүркөлүп, «сен да ошонун  баласысың да» деп алысты карады.

Апам менен коштошуп үйгө келе жатканда көпкө ойлондум, менин күнөөм кайсы эле, макул атам менен ажырашты, анын артынан уу сөздөрдү мен угуп, атамдын таягын жеген мен болдум. Эмнеге ушунча убакыт издеп келбеди. Издеп барганга мен жаш болдум, бирок апам ар дайым түшүмө кирип, сагынып турчу элем го. Мен ойлогом апам мени бооруна басып, ыйлайт го деп. Жок, андай болбоду апам атама болгон таарынычын менден чыгаргансыды. Балким Москва апамды өзгөрттүбү? Апам мерез экен. Үйгө жеткенче ызама чыдабай көзүмдөн жаш агып жатты. Өгөй апам мени көрүп, «келдиңби, балам» дегенде «ооба» деп үйгө кирдим. Бирок, анын тизесине башымды коюп, бугумду чыгарып ыйлагым келди. Өз апам ушунча өзгөрдүбү, жашоо өзгөрттүбү?

Мурда  мектепти бүтсөм апама кетем дечү элем, бирок, мен мектепти бүтүрүп жатканда апамды күткөм, ал келбеди. Азыр студент болдум, көрсө «апам келет деген» менин жан дүйнөмө сиңип калса керек. Күн өткөн сайын өгөй апамды өз апамдан артык көрүп баратам. Балким бул өз апама болгон таарынычтан улам болсо керек.

Дил баяндын ушул жерине келгенде ыйлап жибердим. Бул менин 1-курсту бүтүрүп жаткан студентимдин дил баяны эле. Эркин темада жазып келгиле каалаган темаңарды жазгыла, модулга карата  кыскача дил баян болсун деп тапшырма берген элем.

Эртеси сабакка келгенде, балдарга келечек тууралуу, алдыдагы тандоосу, турмушу, жада калса ата-энелердин милдети тууралуу кенен айтып, баарына ак жол кааладым. Деген менен биз пендебиз да, болбой эле  адамдар жеке таарыныч, ичтеги ызабызды балдардан чыгарбасак. Өсүп келе жаткан көчөттөрдү сындырбай, бактап-шакташына мүмкүндүк  түзгөндө гана мөмөсүн алабыз эмеспи. Ар бир бала ата-эне мээримине бөлөнүп чоңойсо…

Жазгүл Баяналиева

 Бул баян “Kadam-media.kg” маалыматтык порталынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.