19-майда Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда
күндүз +21…+26
Талас облусунда
күндүз +20…+25
Баткен облусунда
күндүз +22…+27
Ош жана Жалал-Абад облустарында
күндүз +22…+27
Ысык-Көл облусунда
күндүз +15…+20
Нарын облусунда
күндүз +16…+21.
Бишкек шаарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы +24…+26 градуска жетет.