Бишкекте 17 жаштагы Адина Асаналиева дайынсыз болуп жакындары жана милиция кызматкерлери тарабынан изделип жаткан. Ленин РИИБдин маалымат кызматынан изделип жаткан өспүрүм аман-эсен табылганын кабарлашты.

Маалым болгондой, 18-майда саат 23:00дө Адина Асаналиева борбор калаадан табылды. Ага профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, учурда бардык жагдайлар такталып жатканын билдиришти мекемеден.

Белгилей кетсек, өспүрүм 16-майда саат 20:30 чамасында Арча-Бешиктеги үйүнөн чыгып кетип, ошол бойдон жүргөн жери белгисиз болуп жаткан.