Кочкордо КамАЗ менен Audi 100 унаасы кагышып, 4 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 125-чакырымында (Теңдик айылы) КамАЗ үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа менен Audi 100 үлгүсүндөгү унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Кырсыктын кесепетинен 4 адам: 1999-жылы туулган М. уулу К. – эркек, 1950-жылы туулган И.К – аял, 2 кыз – 2009-жылы туулган С.А., 2017-жылы туулган С.А. каза болуп, 2 эркек 1999-жылы туулган М уулу Ы., 2006-жылы туулган Д.Ө. жабыркаган.

Жерине 5 куткаруучу тартылып, каза болгон адамдардын жансыз денелерин унаадан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Жабыркагандар тез жардам кызматы аркылуу Кочкор райондук ооруканасына жеткирилген.