Президент Садыр Жапаров 18-майга караган түнү Кыргызстанга кайтып келди. Бул тууралуу Президенттин администрациясынан билдирди.

Жапаров 15-майда кечинде Москва шаарына учуп кеткен. 16-майда Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин лидерлеринин жыйынына катышкан.

Анын жүрүшүндө Орусиянын президенти Владимир Путин менен бетме-бет жолуккан. Андан соң 17-майда Абу-Даби шаарына барып, Бириккен Араб Эмираттарынын президенти каза болгонуна байланыштуу уюштурулган аза күтүү иш-чарасына катышкан.