Помидор популярдуу жашылча болуп саналат. Алардын курамында магний, кальций, йод, калий, фтор жана С камтылган көп сандагы витаминдер жана минералдар бар. Бирок айрым жарандар помидорду жегенден этият болушу керек, дейт дарыгер, диетолог Елена Соломатина Sputnik радиосуна берген маегинде.

Диетолог эмне үчүн помидорду күнүнө үчтөн ашык жебеш керек жана кайсы белги бул жемиштерде нитраттардын көп экенин көрсөтүп турарына токтолду.

«Помидор чындап ден соолукка пайдалуу, бирок анда соланин (өсүмдүк тектүү уу. — Эскертүү) топтолуп калышы мүмкүн, андыктан бышкан мөмөлөрдү гана жеш керек. Ичеги-карын ооруларынын курч стадиясы менен ооруган адамдарга помидор жегенге чектөө койгон жакшы. Анткени бул продуктунун курамындагы кислоталар былжыр челге терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Ашказан жарасында, гастритте, панкреатитте — тамак сиңирүү бузулуу менен байланышкан ооруларда, адам ыңгайсыздыкты, карышууну сезиши мүмкүн (помидор жегенден кийин)», — дейт дарыгер.

Ошондой эле, помидордо нитраттар чогулуп калышы мүмкүн, деп улантты диетолог. Бул затты мөмө-жемиштердин сырткы көрүнүшүнөн билсе болот, деп кошумчалады ал.

«Сиз ар дайым помидордун кесилген жерине карашыңыз керек: катуу тамырлар көп болсо, айрыкча сары тамырлар болсо, анда помидор нитраттар менен азыктандырылганы көрүнүп турат. Эреже катары, мындай тамырлар  сабагына жакыныраак болот. Адамдын организминдеги нитраттар коркунучтуу нитриттерге айланып, клеткалык дем алууну бузуп, гемоглобинди кычкылтек ташый албай активдүү эмес түргө айландырышат.Натыйжада гипоксия пайда болот.Жүрөк-кан тамыр системасынын оорулары бар адамдар үчүн бул өзгөчө коркунучтуу. Продукцияны термикалык иштетүүдө нитраттар нитрозаминге айланат, а бул канцероген”, — дейт Елена Соломатина.

Диетолог ден соолукка зыяны тийбей тургандай, күнүнө канча помидор жесе болорун атады.

«Бул жерде өз алдынча кароо шарт. Орточо норма күнүнө үч помидор, бирок баары адамдын абалына жараша болот. Дени сак жигит үч помидорду тең бир убакта жесе болот, эч нерсе болбойт. Ал эми ашказан-ичеги-карын жолдорунун көйгөйлөрү бар болсо, бир учурда бирди эле жеген жакшы, анткени чоң жүк ыңгайсыздыкты жаратышы мүмкүн «, — деп жыйынтыктады дарыгер.