Кыргызстандын Улуттук банкы 18-майда валюта рыногунан 6 миллион доллар сатып алды. Бул тууралуу КР УБнын расмий сайтында айтылат.

Белгилей кетсек, бул үстүбүздөгү жылдын эсеби боюнча үчүнчү интервенция, тактап айтканда, Улуттук банк жалпысынан 25 млн 900 миң доллар сатып алган.

19-майга карата чет элдик валютанын курсу банктарда 82,29 сомдон болсо, расмий курс 80,27 сомду көрсөтүүдө.