Асман шаары «Тамчы» аэропортуна 10-12 чакырым жакын жерге курулат. Бул тууралуу  Асман шаарын куруу боюнча дирекциянын башчысы Руслан Акматалиев билдирди.

Анын айтымында, курулуш үчүн берилген жаңы жер Тору-Айгыр айыл өкмөтү менен «Тамчы» аэропортунун ортосунда жайгашкан.

«Буга чейин тандалган жер коргоого алынган аймакта болчу, ошондуктан шаарды башка жерге куруу чечими кабыл алынган», — деди Акматалиев.

Ага «Шаардын долбоору өзгөрөбү?» деген суроо узатылды.

«Даяр долбоор жок болчу. Канча суу бар, кайсы жерде электр энергия бар, тазалоочу курулмалар кайда куруларын аныкташ керек. «Топосъемка» жүргүзүп, жерди изилдеш керек. Мунун баары бүткөндөн кийин гана шаардын долбоорун чийип баштайбыз», — деди Акматалиев.

Ал учурда инвесторлор менен сүйлөшүү жүрүп жатканын, кызыктар компаниялардын арасында сынак өтүшү ыктымал экенин кошумчалады.