Быйыл республика боюнча акыркы коңгуроо салтанаты билим берүү мекемелеринде 2022-жылдын 9-июнунда саат 9:00до өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, акыркы коңгуроо салтанатын уюштуруу жана өткөрүүдө окуучулардан жана алардын ата-энелеринен мыйзамсыз акча чогултууга катуу тыюу салынат. Ошондой эле бул күнү мектептин айланасында ачык отту, күйүүчү, пиротехникалык жана башка травматикалык заттарды колдонууга тыюу салынат.

Окуучулар жана алардын ата-энелери акыркы коңгуроо салтанатында коопсуздук эрежелерин жана коопсуздук чараларын сактоонун зарылдыгы боюнча жол-жоболор менен таанышуусу кажет.

Райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрү укук коргоо кызматкерлери менен бирдикте окуучулардын өздүк коопсуздугун сактоону камсыздоодо ата-энелердин жоопкерчилигин күчөтүү боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө тийиш.