2022-жылдын 1-октябрынан баштап Кыргызстандын пилоттук мектепке чейинки билим берүү жана жалпы билим берүү уюмдарында “Ата-энелер мектеби” программасы этап-этабы менен киргизилет. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

 Маалыматка ылайык, бул ата-энелердин балдарды тарбиялоодогу жана аларга кам көрүүдөгү көндүмдөрүн жакшыртуу, жашы жете электер арасында укук бузуулардын алдын алуу максатында уюштурулат.
“Ата-энелер мектеби” программасын ишке ашыруу үчүн ар бир район, шаардан пилоттук негизде 5тен кем эмес бала бакча жана 10дон кем эмес мектеп тандалып алынып, бул программа апробациядан өтөт.
Пилоттук билим берүү уюмдарында апробациядан өткөндөн кийин “Ата-энелер мектеби” программасы сунуштардын жана сын-пикирлердин негизинде жеткире иштелип чыгып, мындан ары дагы жайылтылат.