Бүгүн, 20-майда Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, деп билдирди Кыргызгидромет.
Абанын күндүзгү температурасы:
Чүй облусунда +24…+29
Талас облусунда +22…+27
Баткен облусунда +25…+30
Ош, Жалал-Абад облустарында +25…+30
Ысык-Көл облусунда +16…+21
Нарын облусунда +15…+20.
Бишкек шаарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы +26…+28 градуска жетет.