Лейлекте сел 200 баш малды агызып, унаа жолдорду жараксыз абалга алып келген. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, кечээ, 19-майда саат 19:30 чамасында Лейлек районунун аймагында жааган жаандын кесепетинен сел жүргөн.

Селдин кесепетинен Катраң айыл аймагынын Раззаков-Катраң-Баул унаа жолун суу каптап, кум-шагылга толтуруп, жараксыз абалга алып келген. Унаалар үчүн жол жабык. Дам–Арык тилкесинде Катраң-Коргон-Раззаков унаа жолунун 1-чакырымында орнотулган селден коргоочу тосмонун 80 метр аралыгын бузуп кеткен.

Ошондой эле Баул айылында сел кетүүчү сайдан сел жүрүп 200 баш майда малды агызып, 7 чакырым унаа жолу, 3 чакырым арык жана 4 даана электр мамычасы жараксыз абалга келген.

Катраң айылынын Эпкин, Суу-Башы тилкелеринде 1 турак үйдүн ашканасын, 2 турак үйдүн огороддорун каптап, 2 чакырым унаа жолу, 3,5 чакырым арык жараксыз абалга келген.

Ал эми Өзгөрүш айылынын Айыкты тилкесинде 3 чакырым унаа жолу жана 2 чакырым арыктары кум шагылга толгон.

Мындан тышкары, Тогуз-Булак айыл аймагынын Айбийке айылында 5 турак үйдүн короосун, 6 чакырым арыкты, 3 чакырым унаа жолду жана Миң-Жыгач айылында 4 турак үйдүн огороддорун, 4 чакырым арыкты сел суулары каптаган.

Жерине 1 грейдер, 1 жүктөгүч тартылган. Учурда калыбына келтирүү жана тазалоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө.