2022-жылдын 20-майында Кыргыз Республикасынын УКМК кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 50 миң сом акча каражатын пара катары алып жаткан жеринен Нарын облустуна караштуу Жумгал районунун прокурорунун орун басары О.Ж.К. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Такталгандай, аталган О.Ж.К. ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу жана коротуу боюнча айыпталуучуга карата, Х.Д.Р.нын жакын тууганына карата кылмыш ишин кыскартуу боюнча соттун чечими үчүн 50 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылгандыгы аныкталды.

Ошондой эле, бул ишке тийешеси бар делип Жумгал районунун судьясы А.А.М. мыйзамсыз иш-аракеттери аныкталууда.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында КР Башкы прокуратурасынын Тергөө башкармалыгы тарабынан тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.