Бүгүн, 21-майда Ош шаарынын айрым аймактарында таза суу берүү
убактылуу токтотулду. Бул тууралуу «Ош суу канал» ишканасынын басма сөз кызматы маалымдады.

Билдирүүгө караганда, катуу жааган жаан-чачындан улам Папан айылындагы
жылгалардан келген селдин кесепетинен Ак-Буура дарыясы ылайланды. Буга
байланыштуу Ош шаарынын Түштүк-Чыгыш (Юго-Восток), ХБК, Туран кичи
райондорунан жана Достук, Калинин массивтеринен башка аймактарына таза суу
берүү убактылуу токтотулду.

Ишкана жашоочуларды таза суу камдап алууга чакырат.