Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Чаткалдагы мектепте болгон кырсыктан жабыркаган мугалим Асия Сакеевадан ооруканага барып, кабар алды. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы кабарлады.
Министр сабак учурунда күтүүсүз кырсыкка кабылган окутуучуга батыраак калыбына келип, өз окуучуларына кайрадан эртерээк сабак бере баштоосун каалады.
Алмазбек Бейшеналиев Асия Сакеевага жайкы каникул учурунда Ысык-Көл облусундагы ден соолукту чыңдоочу санаторийлердин бирине үй-бүлөсү менен эс алып келүү үчүн жолдомо берилерин айтты.
Кошумчалай кетсек, Ала-Бука райондук ооруканасына жаткырылган мугалимдин абалы жакшы, 2-3 күндөн кийин үйүнө чыгарылат.
Эске салсак, Чаткал районунун Терек-Сай айыл өкмөтүнө караштуу “Амирабек Чымканаев” атындагы №18  мектепте сабак учурунда шыбы кулап түшкөн.