— Сиз жалаң саясий тасмаларды тартып, ага чейин саясий басма сөз каражаттарында кызмат кылып, саясатка жакын жүргөн ишмерсиз. Анын үстүнө кинолоруңузду эл аралык алкакка алып чыгып жүрөсүз. Кыргызстандын Россия, Кытай, АКШ өңдүү ири державалар менен алакасы боюнча ар кандай пикирлер айтылууда. Байсалов АКШ менен жакындашууну сунуштаганы чуу болсо, эми айрым орус маалымат каражаттары Ташиев да Батыш, АКШ менен жакындашууга ыктап жаткандай жазып, Орусия менен болгон мамилебизге жик салууга аракеттенишкендей.

— “Сынган кылычтан” Шерали ханды айланасындагылар Нүзүп аталык менен кагыштырган эпизодду окуп атып интернетке кирсем, “саламаттык сактоо министри Бейшеналиев боюнча Жапаров менен Ташиевдин санаалаштары экиге бөлүнүштү” деп барабан кагып атышыптыр. Анын астында көптөн россиячыл атанып келген Ташиев Батыш, АКШ тарапка ыргыгандай сигнал беришкен. Ооба, саясат көп кырлуу. Көп инсандар, көп топтор көп багытты, ар кыл пикирлерди карманышат. Бири “а” десе, экинчиси “б” дейт. Четинен айталы. “Министр Бейшеналиевди президент Жапаров колдосо, атайын кызмат башчысы Ташиев талкалап жатат” деген боюнча. Ооба, Бейшеналиев “медицинадагы коррупция менен күрөшөм” дегени президентке да, коомчулукка да жакты. Бирок министр мырзанын эмгеги элге сиңген Сабыр Жумабековду “аферист”, Исманкулов менен Акрамовду “лопух”, башкы прокурорду “ал ким экен!?”, “мен инкубовскиймин, бир-бирге чыкса эч кимден жеңилбейм”, “тишиңди бирден санайм”, министрдин орун басарына “аялыңды инилериме салып берем” деген сөздөрү төбө чачты тик тургузуп, өкмөт мүчөсүнүн мунусу президентке “тапкан кадры” дегизип сөз тийгизгени мындай турсун, эл аралык коомчулук астында Кыргызстандын абийирин айрандай төктү… Ташиев атайын кызмат башчысы, ал кишиде коомчулукка беймаалым көптөгөн маалыматтар бар. Басма сөз жыйынында кыргыз-түрк ооруканасынын башчылык кызматы үчүн Бейшеналиев 10 миң доллар алганы ачыкка чыкса, көмүскөдөгүсү канча. “Тигинден 10 миң, мындан 15 миң доллар пара алыптыр, 17 медициналык мекемени жабам деп коркутуп, ар биринен 200 миң доллардан сыгып атыптыр” деген кептер каңгып, соцтармакта чуу болууда. Ташиевде ушул фактылар боюнча далилдер бар үчүн түйүлүп калгандыр.

Ал эми Ташиевди АКШчыл дегендери ишенимсиз, ал жакынкы мезгилде эле ачыкка чыгаар.

Деги эле С.Жапаров менен К.Ташиевди каршылыштыргысы келген күчтөр жетиштүү, ал түгүл ашыкча. “Жапаровду бийликке Ташиев алып келген, Жапаров Ташиевге карыздар” дегендер бар, “Ташиев түштүктүн жарым паашасы болуп, түндүккө да үстөмдүк кылгысы бар” дегендер да чыгат. Айтор эки досту кагыштырып, өлкөдө абалды курчутуу — оппозициянын кыялы. Эки жетекчинин айланасындагы тарапкерлер таасир талашып, тигилердин чырагына май тамызууда. Жапаров менен Ташиев көп жылдан берки жакын санаалаштар. Алар бийликте жакшы күндөрдү да, саясий куугунтук тартышып, түрмөдө жаман күндөрдү да көрүшкөн. Оттон жалтанбай, сууга акпай, кыйынчылыктарга моюбай сыналышкан санаалаштар бири-бирине кас чыкса, экөөнө тең, арылап Кыргызстанга да кыйын болоорун алар жакшы билишет. Менимче, Жапаров-Ташиев тандеми түз, туура жолдо. Буйруса, алар чоң ийгиликтерге жетишип, Кыргызстаныбызды көтөрүп, элибизди жаркын келечекке багытташат!