Европа Биримдигинин BOOST – “Өзбекстан менен Кыргызстандагы бизнес жана уюмдар туруктуу иштешет” долбоору Youth of Osh, DVV International уюму менен биргеликте Фергана шаарында кезектеги “Аймактык кызматташтык – Фергана диалогу” экономикалык форумун өткөрдү.

Форум үч коңшулаш өлкө Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандан катышуучуларды чакырып, ошону менен Фергана өрөөнүндө бизнести өнүктүрүүгө багытталган ишкерлер коомчулугун кеңейтүүнү көздөйт.

Форумдун негизги максаты — Фергана өрөөнүндөгү компаниялардын ортосунда диалог үчүн аянт түзүү, аны өнүктүрүү жана чек ара кызматташуусу үчүн ынгайлуу бизнес чөйрөсүн  куруу жана тоскоолдуктарды талкуулоо. Форумдун талкуу темасынын приоритеттүү багыттары болуп креативдүү экономика, туризмди өнүктүрүү, энергияны үнөмдөө, IT инновациялар жана чек ара соодасы саналат.

Бул платформа Фергана өрөөнүндөгү 3 өлкөнүн: Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын бизнес, өкмөт, академиялык чөйрө, бейөкмөт уюмдар жана соода-өнөр жай палаталарынан 150дөн ашык адамды чогултту.

 Форумдун аягында жеке ишкерлер жакындан таанышуу жана мындан аркы кызматташуу үчүн маалымат алмашуу максатында IT, текстиль, бут кийим ишканаларына экскурсия уюштурулду.

Бул демилге бүтүндөй Фергана өрөөнүнүн кызматташтык потенциалын бекемдөө үчүн тынчтык жана бизнес кербени катары өрөөндүн ар бир шаарында форумдарды өткөрүү аркылуу туруктуулукту көздөйт. Бул иш-чарага чейин BOOST 2021-жылы 3 форум өткөрсө, быйыл Фергана өрөөнүндө дагы 4 форум өткөрүлүшү күтүлүүдө.