Бүгүн, 23-майда Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаап, Чүй, Ош, Жалал-Абад 
облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын күндүзгү температурасы:

Чүй облусунда +19…+24

Талас облусунда +17…+22

Баткен облусунда +21…+26

Ош, Жалал-Абад облустарында +21…+26

Ысык-Көл облусунда +13…+18

Нарын облусунда +12…+17.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы +21…+23 градуска жетет.