Эгерде Түркия бийлиги буга дейре «Сапат» Эл аралык  билим берүү мекемесинин  ишин токтотууну ачык да, кыйыр да түрдѳ талап кылып келсе, эми «Сапатка» тийешелүү лицейлердин имараттарын ээлеп  алуу саясатын  баштады кѳрүнѳт. Муну менен Түркия тарап бир ок менен эки коёнду атып, «Маарифтин» мектептери үчүн «Сапаттын» окуу имараттарын тартып алгылары келип  келип жатканы  анык болуп калды. Ал үчүн Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги атайын Кайрылуу жасап, анда «Сапатты» кайрадан саясатка байлап, «Сапаттын» иштеп туруусу коркунуч жаратарын, лицейлери жабылып, имараттары «Маарифке» ѳтүшү керектигин, Түркия бийлиги «Сапат» түзүмүндѳ иштегендерге чара кѳрүү укуктарына ээ экенин, «Сапаттын» лицейлерин бүткѳндѳр Түркияга кире албастыгын дипломатиянын тили менен эскертти.  Кайрылууда дипломатияга жамынган талап кылуу да, эскертүү, коркутуу да бар.  Эл аралык мамиле, дипломатиядан кабары бар адам мында Түркия ачык эле Кыргызстандын ички ишине кийлигишип, үстѳмдүк жүргүзүүнү кѳздѳп, ѳлкѳбүздүн суверендүүлүгүнѳ шек келтирип жатканын байкабай койбойт. Бул ѳңүттѳн алганда, публицист, саясат таануучу Кубан Мамбеталиевдин «Түркия ачык эле ички ишибизге кийлигишип атат,  «Сапаттын» лицейлерин рейдерлик жол менен тартып алгылары келүүдѳ» деп айтканына толугу менен кошулууга болот.

Кайрылууда «Сапаттын» иш жүргүзүүсү эки ѳлкѳнүн кѳйгѳйү экендигин белгилеп, ФЕТО маселесин биргеликте чечүү зарылдыгы айтылыптыр. Бирок ачык айталы, «Сапат» ФЕТО уюмунан улам  Реджеп Тайып Эрдогандын кѳйгѳйүнѳ, «баш оорусуна»  айланбаса, Кыргызстандын, кыргыз элинин кѳйгѳйү эмес. Тескерисинче, «Сапат» сапаттуу, заманбап билим берүүдѳгү, ыймандуу, билимдүү жаштарды тарбиялоодогу жетишкендик болуп калды.  «Сапат» эл аралык билим берүү сынактарында ѳлкѳбүздүн жүзүнѳ, намысына айланды. Пайдасын, натыйжасын эле кѳрбѳсѳк, Түркия тарап айгай салгыдай коркунучун, зыянын кѳрѳ элекпиз. «Сапат» түзүмүн, сапатчыларды эл, ѳлкѳ үчүн коркунучтуу, кооптуу кѳрсѳтүү – бул расмий Түркиянын бизге таңуулаган саясаты гана  болуп жатат!

Ѳлкѳбүздүн жетекчилиги Түркиянын мындай «жүрүшүнѳ» кандай жооп кылат, азырынча белгисиз. Бирок буга чейин «Сапат» түзүмүнүн Кыргызстанда иши токтобостугу жогорку чѳйрѳдѳ айтылып, расмий Түркияга билдирилген.  Кѳрүнүп тургандай,  Реджеп Тайып Эрдоганды мындай абал канааттандырбай жаткан экен. Аталган маселени кайрадан козгошуп, бул ирет Кыргызстандын жетекчилигине кысым жасоого ѳтүштү. Кандай болгон күндѳ да «Сапаттын» тагдыры боюнча бир гана чечим болушу зарыл. Ал – «Сапат» кандай иштеп келатса, ошондой ишин улантып, жүздѳгѳн, миңдеген жаштарга билим, тарбия берүүсүн уланта берүүсү кажет. Ѳлкѳбүздѳ брендге, улуттук сыймыкка  айланган билим берүү мекемесинин ишин токтотуу жѳнүндѳ сѳз болбошу керек. Түркиянын саясатташкан мындай   талабын аткаруу – бул мамлекетибиздин  суверендүүлүгүнѳ доо кетирүү болуп саналат.