Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчылар кеңешинин жыйынына катышты.

Өз сөзүндө министрлер кабинетинин башчысы санкциялардын кесепеттерин жеңилдетүү жана социалдык-экономикалык абалдын начарлашына жол бербөө боюнча биргелешкен аракеттерди иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи.

«Экономиканын бардык негизги тармактарын комплекстүү өнүктүрүү боюнча системалуу узак мөөнөттүү чараларды кабыл алуу, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча биргелешкен аракеттерди күчөтүү, Шериктештиктин алкагында транспорттук-логистиканы, энергетиканы, сооданы жана инвестициялык өз ара байланышты өнүктүрүү артыкчылыктуу жана актуалдуу», — деди Акылбек Жапаров.

Ал өзгөчө азык-түлүккө болгон баанын жогорулашын эске алуу менен КМШ өлкөлөрүнүн айыл чарба потенциалын пайдаланып, талаа иштерин жүргүзүүдө дыйкандарды үрөн, күйүүчү-майлоочу май жана башка ресурстар менен тез арада камсыздоо зарылдыгын белгиледи.

«Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн транспорттук жана транзиттик потенциалын көтөрүүнү жактайт. КМШ мамлекеттеринин аймагында темир жол транспортунун инфраструктурасын өнүктүрүү бүткүл Шериктештик мейкиндигинин соода-экономикалык өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт», — деп баса белгиледи министрлер кабинетинин башчысы.

Министрлер кабинетинин төрагасы транс-чек аралык туризмди калыптандырууну сунуштады, анын алкагында туризмди колдоо мекемелери Шериктештиктин алкагында биргелешкен туристтик пакеттерди иштеп чыгышы мүмкүн, бул өз кезегинде элди дагы да жакындатат.

Акылбек Жапаров КМШ өлкөлөрүнүн энергетикалык коопсуздугуна байланыштуу маселелерге да токтолду.

«Кыргызстандагы маанилүү энергетикалык долбоорлордун арасында Камбар-Ата ГЭСинин, ошондой эле энергиянын кайра жаралуучу булактарга негизделген чакан ГЭСтердин жана ондогон жаңы станциялардын курулушу бар. Мен Шериктештик өлкөлөрдүн инвесторлорун Кыргызстандын энергетикалык долбоорлорун ишке ашырууга катышууга чакырам», — деди ал.

Жыйынтыгында министрлер кабинетинин төрагасы эмгек миграциясы жаатындагы кызматташтыкты активдештирүүдө, эмгек миграциясындагы көйгөйлөрдү чечүүнү ырааттуу жөнгө салуу максатында эмгек мигранттарын жумушка алууда жана эмгек келишимдерин бузууда, ошондой эле социалдык жана медициналык жактан камсыздоодо келген өлкөнүн калкы менен бирдей укуктарды берүү маанилүү экендигин белгиледи.

Жыйындын соңунда күн тартибине киргизилген бардык маселелер каралып, 10 документ кабыл алынды. Анын ичинде биологиялык материал менен алмашуу келишими кабыл алынды. Документ КМШга мүчө-мамлекеттердин компетенттүү органдарынын биологиялык материалдар менен алмашуу, жаныбарлардын өзгөчө коркунучтуу ылаңдарынын лабораториялык диагностикасын өркүндөтүү жана Шериктештикке кирген өлкөлөрдүн аймактарында жаныбарлардын жугуштуу ылаңдарынын жайылышын алдын алуу боюнча кызматташуу жана өз ара жардам көрсөтүү максатында иштелип чыккан.

Жыйындын катышуучулары ошондой эле 2026-жылга чейинки мезгилде айыл чарба багытындагы жаныбарларды көбөйтүүдө генетикалык материалдын биологиялык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча биргелешкен иш-чаралардын комплексин, 2030-жылга чейинки мезгилге Маалыматтык коопсуздук стратегиясын ишке ашыруу боюнча биринчи кезектеги чаралардын планын бекитишти.