ЖМКда кеңири тараган Кыргыз Республикасынын жашы жете элек жаранынын тууганы тарабынан сабалышы боюнча факты Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асел Чынбаеванын көзөмөлүндө. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы билдирет.
Үстүбүздөгү жылдын 22-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Россия Федерациясындагы өкүлдөрү кыргыз диаспорасынын активисттери менен биргеликте жашы жете элек өспүрүмдүн жашаган жерине барышканы белгиленет. Учурда ата-энеси менен макулдашып, жашы жете элек кызды Кыргызстанга жөнөтүү үчүн тиешелүү документтер даярдалууда.
Бул факты боюнча тиешелүү мамлекеттик органдар менен иш жүрүүдө.