Кечээ, 22-майда Балыкчы-Кочкор темир жолунун курулушу боюнча өзүн «жарандык активист, блогер» атаган Акжолтой Тукунов  видео кайрылуу жасаган. Ал, атайын терс маалымат издеп, «рельстердин алдына төшөлгөн темир-бетон шпалдардын арасына жыгач шпалдарды коюп салышкан. Ишкана президентти алдап жатат, муну укук коргоо органдары текшерүүсү керек»-деген өңүттө сүйлөгөн.

Технологиялык инструкция боюнча, рельстер кошулган жерге жыгач шпалдар коюлат. Ал, поездин жумшак өтүшүнө шарт түзөт. 1 чакырым аралыкка төшөлгөн темир-бетон шпалдардын арасына, 160 жыгач шпалдары туура келет.

Экинчиси, эски түтүктөр казылып алынган. Анын жанында коюла турган жаңы түтүктөр турат. Акжолтой Тукунов казылып алынган эски түтүктөрдү көрсөтүп, «булар эски түтүктөрдү койгону жатыптыр»-деп айткан. Жанында турган жаңы түтүктөрдү көрсөткөн эмес. Ал, жеринде видео тартып жаткан учурда эч кимден маалымат дагы сураган эмес, көзү көргөндү айта берген.  «Активист» муну менен «Кыргыз Темир жолу» ишканасына карата негативдүү маанай жараткысы келген.

Үчүнчүсү, жыгач шпалдарды дагы эски, сапаты начар деп маалымат берген. Аталган жыгач шпалдары сапаттуулугу жагынан бардык тийешелүү текшерүүлөрдөн өткөн, ГОСТун стандартына дал келет. Ал эми жаракалар  кагылган костылдан  жаралган, ал жаратылыш шартынын өзгөрүүсүнө байланыштуу болуп турган кадыресе көрүнүш. Бул коркунучтуу эмес, көрсөтүлгөн сөөнөтүнө чейин кызмат өтөйт.

 

Жумушчулар үчүн курулган шаарчаны көрсөтүп, «эч ким жок, кайда кетишкен?»-деген суроо койгон.

Жумушчулар ал учурда 1,5-3 чакырым аралыкта иштеп жаткан. Жумуш убактысы бүткөн соң шаарчага келип жайгашат.

Шаарчанын жанында жаткан рельстер боюнча, «жөн эле жатат, элдер уурдап кетсе деле болчудай»-деп айтат. Рельстердин салмагы 1,625 тонна. Аны техниканын жардамы менен гана көтөрөт. Салынып жаткан жолго эч ким кыянаттык кылып, темирди уурдап кетпейт деген үмүттөбүз. Акжолтой Тукуновдун «уурдап кетсеңер болгудай» деген кыйытма кылуусу  мамлекетке чыккынчылык деп түшүнөбүз.

Балыкчы-Кочкор темир жолун мамлекет өзүнүн күчү менен баштады. «Кыргыз Темир жолу» УК МИ бул жылга 5 чакырым жолду бүтүрүүнү пландаган. Учурда 2 чакырымга жакын аралык бүтүү алдында турат. Минималдуу план койгон ишкана, жыл аягында мындан дагы көбүрөк аралыкты бүткөрүү боюнча дымагы бар.

Андыктан, башталган иштен кыйкым издеп, жалпы ишкана жана жумушчулардын кадыр баркына шек келтирүүгө аракет жасап, жалган маалыматтарды тараткан блогер-активистти тартипке чакырабыз. Стратегиялык аймакты тартып алып, аны өзү каалагандай өңүттө жалган маалыматтын коштоосунда таратуу мыйзам бузуу экенин жана ал үчүн жоопко тартылып калышын эскертебиз.