Тыюу салынган дары-дармектерди жеткирүү менен алектенген кылмыштуу топ аныкталды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, КР УКМК тарабынан аткезчилике багытталган эл аралык кылмыштуу топторду аныктоо боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын ишмердүүлүгүндөгү коррупциялык элементтерди жок кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан пландуу иш-чаралардын жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын аймагында жүгүртүүгө тыюу салынган психотроптук заттарды камтыган дары-дармек каражаттарын жеткирүү менен алектенген эл аралык кылмыштуу топ аныкталды.

Чогултулган материалдар Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, КР Кылмыш-жазакодексинин 285-беренесинин 1-бөлүгү (Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу алып өтүүнүн атайын эрежелери белгиленген буюмдардын контрабандасы) боюнча кылмыш иши козголду.

Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын алкагында жүктүн ээсинин бири Ю.С.И. аныкталып кармалып, КР УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.

Азыркы учурда КР УКМК тарабынан бул фактыга тиешеси бар адамдарды, ошондой эле КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын кызмат адамдарын аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралар улантылууда.