Кыргызстанды Өзбекстан менен байланыштырган жер астынан өтүүчү жол табылды, — деп билдирет КР УКМКнын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, КР УКМК тарабынан үстүбүздөгү жылдын 20-майында Кара-Суу районунун Тельман айылында жүргүзүлгөн “Тинтүү” ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргызстанды Өзбекстан менен жер асты аркылуу байланыштырган тоннель табылган.

​Маалым болгондой, бул тоннелдин тереңдиги15 метр бийиктикте, туннелге кире бериш жери 1,8 метр, туурасы 1,5 метрге жакын, кире бериштен чек ара сызыгына чейин 40 метр, тоннелдин кире беришинен чыгуусуна чейинки аралык 270 метрди түзөт.

​Ошол эле учурда жогорудагы жер астынан өтүүчү жолдун табылган аймактын ээси М.А.М., карата, ал адам учурда Жалал-Абад облусуна караштуу Кызыл-Жар психиатриялык бөлүмүндө жаткандыктан, акыл-эсин аныктоого кайрадан экспертиза өткөрүү пландаштырылууда.

​Учурда кылмышка тийешелүү заттарды алууиштери жүрүп жатат.