Кечээ, Бишкекте өткөн “Жаңы мүмкүнчүлүктөр – Маданият, спортту жана туризмди өнүктүрүү” Эл аралык форуму болуп өттү. Бул форумда “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингинин жетекчиси Теңиз Бөлтүрүк маанилүү сөз сүйлөдү.

— Биздин бүгүнкү иш чарага чакырууну кабыл алып, жигердүү катышып жаткандыгыңыздар үчүн ыраазычылык билдирип кетүүгө уруксаат этиңиздер. Куттуу залдан кыргыз маданиятынын чыныгы каймактарын көрүү мен үчүн өзгөчө жагымдуу. Форумдун биринчи күнүн маданияттын өкүлдөрү менен баштоо жана алардын пикирин угуу чечими жөн жерден кабыл алынып калган жок.

Өзүңүздөргө белгилүү, президент тарабынан Кыргызстандын интеллектуалдарын, чет өлкөлөрдө ийгилик жарата алган мекендештерди, чет элдик өнөктөштөрдү бириктирип, алар менен бирге проблемаларды чечүү жолдорун талкуулоо жана чечим кабыл алуу, келечектеги Кыргызстандын маданиятын калыптандыруу боюнча стратегиялык кадамдарды иштеп чыгуу тапшырмасы коюлган эле.
Тилекке каршы, арабыздан бүтүндөй бир доор кетти… Көрүнүктүү инсандардын жана маданияттын чыныгы алптарынын, алардын сап башында Чынгыз Айтматовдун, Болот Шамшиевдин жана башка көптөгөн кыраандардын кетиши – орду толгус чоң жоготуу!

Эми алардын ордун кимдер толуктайт, же кимдер басат деген жүрөк өйүгөн суроо жаралат…

Ооба, оор күндөрдө өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн иштеп бере турган кесипкөй мекенчилдер жок эмес. Керек болсо алардын биз сыймыктана турган жоон тобу бар. Кесипкөйлөрдүн алдында билген тажрыйбаларын келечек муунга өткөрүп берүү деген бийик милдет турат. Бүгүн артка кылчайып, эгемендүүлүктүн 30 жылын терс өңүттө сүйлөп, башында тургандарды сындап отуруунун кажети жок. Тарыхтан жана анын каармандарынын каталарынан сабак алып, алдыга умтулушубуз керек!

Биздин келечегибиз – Сиз менен бирге өстүргөн муун. Бийик трибуналардан “балдар биздин келечегибиз!” деп көкүрөк кагабыз. Бирок алар үчүн көзгө көрүнөөрлүк, жарытылуу эч нерсе жасай элекпиз. Бул үчүн уялышыбыз керек. Кемчиликтерди жоюп, өзүбүзгө жооп берүү үчүн, эми биз биригип, ынтымакка келип, маданий өнүгүү тармагында бирдиктүү стратегияны иштеп чыгып, өнүгүүгө кадам ташташыбыз керек.

Жаштарга гана басым жасап, аларды гана алга сүрөп тим болбой, бүгүн-эртең бала бакчага, андан кийин мектепке кадам таштай турган келечек муунга да кам көрүүнүн мезгили келди. Алар келечектен эмне алат, кадамын кайда таштайт? Өкүнүчтүүсү, үй-бүлөлүк баалуулуктар мектеп партасынан окутулбай калды, рухий көрсөтмө жокко эсе.
Балдар адамдар ортосундагы мамиле, достук менен чыккынчылык эмне экенин жаштайынан билип, үйрөнүшү керек. Ийгиликке жетүү оңой эмес. Балдарды тарбиялоодо ата-бабалардын тажрыйбасы, алардын тарыхы, басып өткөн жолу, карманган салт-санаа, каадасы чоң сабак болуп бере алмак.

Өзгөчө көңүлдү аймактарды өнүктүрүүгө буруу маанилүү, анткени элибиздин түптү руханий булагы дал ошол аймактан башталат. Мекенибиздин келечеги Баткенден, Таластан, же Ат-Башыдан келген балдардан, алардын билим-тарбиясынан көз каранды. Бекеринен кыргызда “ааламга барчу жол – айылдан башталат” деп айтылбайт.

Ооба, маданият кызматкерлеринин эмгек акысы аз жана көңүл кош мамиледен улам кадрлар агылып кетүүдө. Мунун бардыгы маданият мекемелеринин рынок шартына шайкеш келбегени менен түшүндүрүлөт. Материалдык жана финансылык ресурстар жетишсиз болгондуктан бир катар мекемелер “иштемиш” болот. Иш жүзүндө алгылыктуу эч нерсе жок.

Мындай көйгөйлөр көп жана ал барыбызга белгилүү. Жетишсиздикти санап, улам нааразы болуп отура бербей, реалдуу чечимдерди иштеп чыгууну, негизги багыттарды таап, биргелешкен ишти баштоону сунуштайм. Ошондо гана биз, сиз жана мен Кыргызстандын келечегин кура алабыз!

Балдарыбызга өнүккөн Кыргызстанды сыймыктануу менен калтыралы деп жандалбас уралы. Сиздердин жардамыңыздар менен алгылыктуу бир чечимди иштеп чыгалы деп ушул бийик форумда чогулуп отурабыз.
Ишиңизге ийлиликтерди каалайбыз,
көңүл бурганыңыздар үчүн чоң рахмат!