Акын жана журналист Зайырбек Ажыматовдун эки китебинин бет ачары өтөт. Бул туурасында уюштуруучулар билдиришти.
Анда «Доско кат» поэтикалык жыйнагы жана «Датасы жок күндөр» ой толгоолор топтому окурмандарга сунушталат. Иш-чара 27-майда саат 10:30да Таштан Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык окуу жайынын концерттик залында башталат.
Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 28-апрелде 44 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.
Акын 1976-жылы 27-майда Аксы районунун Ак-Жол айылында төрөлгөн. 1998-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган. Ошол эле жылы эмгек жолун «Асаба» гезитинен баштаган. Андан кийин «Кыргыз Туусу», «Бишкек таймс» гезиттеринде, КТРКнын радио тармагында иштеген. Соңку жылдары «Азаттык» радиосунда эмгектенип жүргөн.
Ажыматовдун «Жалгыздык», «Мелмил», «Нөлү көп жылдар», «Жүрөктөгү бороон» аттуу ыр жыйнактары жарык көргөн. Анын ырларына обончу-композиторлор обон жаратып, эл арасында белгилүү болуп ырдалып калды.