Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети аткезчилик жол менен минералдык жер семирткичтерди ташып өтүү ишине бөгөт койду.

УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, Кулунду айыл аймагынан Тажикстанды көздөй бара жаткан жүк ташуучу унаанын айдоочусу К.Ж.И. аттуу КР жараны кармалган.

«Текшерүү учурунда жогоруда аталган унаанын бортунан коңшу мамлекеттерге мыйзамсыз жөнөтүлүүчү, жалпы көлөмү 4 тоннаны түзгөн, ар бири 50 кг болгон 80 кап минералдык жер семирткич (селитра) табылган», — деп айтылат маалыматта.

«Эксперт Баалоо» ЖЧКсынын корутундусуна ылайык, табылган товардын орточо базар баасы 152 миң сомду түзөт.

Бул факты боюнча материалдар маалыматтык каттоо журналына катталды. Азыркы учурда тиешелүү иликтөө иштери жүрүп жатат.