«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомуна ар бир айдын 10унан кечиктирбестен компаниянын өткөн ай үчүн алынган дүң кирешесинин 0,6 пайызын сом менен КР Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгында ачылган “Нарын облусун өнүктүрүү фонду” мекемесинин атайын эсебине которуу сунушталсын.

Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду, — деп маалымдайт министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.

Мындай чечим Нарын облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүн жакшыртуу максатында кабыл алынган.

Белгилей кетсек, буга чейин президент Нарын облусунун жашоочулары менен жолугушууда Нарын облусун өнүктүрүү фонду түзүлүп, ага жыл сайын «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун жылдык дүң пайдасынын 0,6%ы бөлүнүп турарын билдирген.