2022-жылдын 11-майында саат 21:00 чамасында Аламүдүн райондук ИИБнын Тергөө кызматы менен биргеликте Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери буга чейин КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинде каралган кылмыштын белгилери менен козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам-тергөө иш-чараларын өткөрүшкөн.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө, Лебединовка айылынын Жениш проспектиси менен Восточный көчөсүнүн кесилишиндеги май куюучу жайлардын биринде 1986-ж.т. Х.О. аттуу жаран башкаруусунда «Kia Morning» үлгүсүндүгү унаасы токтолтулган. Жеке тинтүү учурунда Х.О. аттуу жаран өз ыктыяры менен шымынын чөнтөгүнөн 0,90 гр салмактагы «марихуана» баңги каражатын берген.
Мындан тышкары, бул унаанын ичинде дагы үч жүргүнчү болгон: 1959-ж.т., О.П., 1989-ж.т., Ж.А., жана 1997-ж.т. К. К. аттуу жарандар. Унаанын ичин кароодо, арткы отургучта желим баштыкчага салынып, скотч менен оролгон 953,69 гр салмактагы «гашиш» баңгизаты аныкталган.

Унаадагы 3 жүргүнчү Аламүдүн РИИБнын Тергөө кызматына жеткирилип, аларга карата Бишкек шаарынын №1 Тергөө абагына камакка алуу бөгөт коюу чарасы колдонулду.

Мындан аркы тергөө-ыкчам иш-чараларды жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын ИИМинин БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан Ж.А. аттуу жарандын уюлдук телефону текшерилип, анын жүрүшүндө Бишкек шаарынын аймагында синтетикалык баңгизаттарды сатуу менен алектенген “Хан” кайман аттуу Пакистан мамлекетинин жараны менен “WhatsApp” аркылуу кат алышуулар аныкталган.

Ыкчам-издөө иш-чараларын жүрүшүндө, Бишкек шаарынын Асанбай кичи районунда 1990-жылы туулган “Хан” кайман аттуу жаран, улуту боюнча пуштун (афган) Пакистандын жараны кармалып, жеке тинтүүдө 3 гр салмактагы «гашиш» баңгизаты табылып, алынган. (таңгак менен), психотроптук зат (анын айтымында туз) салмагы 3 гр. (таңгак менен), 3 гр жүрөк формасындагы кызгылт таблетка (таңгак менен), бүктөлүүчү бычак, интернет дүкөндөрдүн реквизиттери жана баңгизаттарды төлөө чектери менен кат алышуулардын уюлдук телефону алынган.

Пакистандын жараны Аламүдүн районунун ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Азыркы учурда тергөө иш-чаралары улантылууда.

ИИМдин Басма сөз кызматы