Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Сулайман тоо милиция бөлүмүнүн кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан Кара-Суу районунун 18 жаштагы тургунун зордуктоого шектелип эки жаран кармалды.

Шаардык милициядан кабарлашкандай, шектүүлөр 17 жаштагы Н.И., жана анын теңтушу Ю.М., болгон.

Алгачкы тергөө амалдары көрсөткөндөй, шектүүлөр 17-майда кечки саат 17:30дар чамасында жабырлануучуга Ош шаарынын эс алуу бактарынын биринде кол салып, күч колдонуу менен зордукташкан.

Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Алардын үстүнөн Кылмыш кодексинин 154-беренесинин белгилери менен иш козголуп, тергөө иштери уланууда.

Ош шаардык соту тарабынан шектүүлөрдү тергөө амалдары аяктаганга чейин абакта кармоо боюнча чечим чыгарылды.