Энергетика министри Доскул Бекмурзаев Нарын дарыясындагы алгачкы гидро энергетикалык объекти болгон Үч-Коргон ГЭСинин 60 жылдыгына катышты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан  кабарлады.

Билдирүүдө айтылгандай, мааракеге байланыштуу ага — энергетика тармагынын түптөлүшүнө чоң салымын кошкон мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун ысымы берилди. Дал ошол инсан Нарын дарыясынын гидро энергетикалык потенциалын биринчилерден болуп байкап, Кыргызстандагы энергетика тармагынын өнүгүшүнө негиз салган.

Бүгүнкү күндө Үч-Коргон ГЭСинин кубаттуулугу 180 мегаватты түзөт. Ушул убакытка чейин анда 50 миллиард киловатт сааттан ашык электр энергиясы өндүрүлгөн. Күн-түн дебей ал өз кызматын аткарып келет. Аталган ГЭСти реабилитациялоо долбоору алдыда ишке ашырылганы турат. Ал өз кезегинде ГЭСтин кубаттуулугун жогорулатып, кызматынын мөөнөтүн узартып берет.

«Кыргызстандагы бул сыяктуу башка дагы ГЭСтер модернизацияланып, ошондой эле жаңылары курулат. Мындай дем менен ишенимди мага биздин энергетиктердин адискөйлүгү, өз ишине берилгендиги жана талыкпаган эмгеги берип турат»,- деди министр.