2022-жылдын 8-майынан баштап Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчылары Түркияда өтүп жаткан көп улуттуу “Эфес-2022” машыгуусуна катышууда. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Түркиянын Измир шаарында машыгуунун биринчи этабы болуп, аталган этаб командалык-штабдык форматында компьютердик моделдөөнү колдонуу менен өттү.

28-майдан 9-июнга чейин Измир шаарындагы “Доганбей” полигонунда бириккен көп улуттун кошуундарынын курамында күжүрмөн ок атуулары менен коштолгон практикалык аракеттери пландалган.

Машыгуунун максаты атайын багыттагы аскерлердин чеберчилигин, күжүрмөн даярдыгынын деңгээлин көтөрүү болуп саналат.

Ошондой эле, КР Куралдуу Күчтөрүнүн маневраларга катышуусу — көп улуттуу аскерлер менен группанын курамында өз-ара аракеттешүүнү уюштурууда чоң тажрыйба алышууда