Мындан ары мектептерде Кыргызстандын гимни ар окуу аптасы башталганда жана аяктаганда милдеттүү ырдалат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Баткенде өтүп жаткан көчмө жыйында билдирди.

Маалыматка ылайык, бул демилге окуучуларда улуттук аң-сезимди, патриоттуулукту күчөтүү максатын көздөйт.

Министрдин демилгеси отурумдун катышуучулары тарабынан колдоо тапты.

Белгилей кетсек, ушул тапта Билим берүү жана илим министрлиги министрликтердин ичинен алгачкылардан болуп Баткенде көчмө жыйын өткөрүлдү.