Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров отставкага кетиши керек. Бул тууралуу депутат Арслан Малиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Ал «Кумтөрдүн» кирешесинин бир бөлүгү Нарын облусун өнүктүрүү фондуна которула турганына нааразы болду.

«Жети-Өгүз, Тоң райондоруна «Кумтөрдөн» каражат бөлдүрүү боюнча ай сайын айтып келем. Бирок, тилекке каршы, өкмөт мага же элге атаандашып Нарынга бөлүп жатат. Нарын облусунун эмне тиешеси бар Кумтөргө? Ансыз деле бүт республикага салымын кошуп жатпайбы. Ошон үчүн өкмөт башчы Акылбек Жапаров отставкага кетсин. Уяты болсо өзү кетсин, болбосо президентке кайрылам. Ушул маселени бүгүн күн тартибине киргизип карайлы», — деди Малиев.

Мындан улам төрага Талант Мамытов Кыргызстандын кайсы жери болбосун бирдей каралганы жакшы деген пикирин айтты.

«Сиз көтөргөн маселе боюнча каражат бөлүп берсе абдан жакшы. Облустарды бөлүп жатат деп жалпы парламентке сөз тийип калбасын», — деди төрага.

Малиев болсо спикердин пикирин кабыл албай турганын билдирди. Ал ансыз деле «Кумтөр» бюджетке каражат которуп, бардык облус алып жатканын айтты.

«Өкмөт башчыны отставкага кетирүүнү суранып эмес, талап кылып жатам. Керек болсо өкмөт мүчөлөрү тобу менен кетсин», — деди депутат.

Ал эми вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев Нарынга керек болсо азыркыдан он эсе көп акча берүү керектигин белгиледи. Анын айтымында, Кумтөрдөгү уулуу калдыктарын сактоочу жай жарылып кетсе биринчи кезекте Ысык-Көлгө эмес, Нарын облусуна зыян келет. Ошондой эле ал парламент өкмөттү отставкага кетирүүгө укугу жок экенин эскертти.

Соңунда талкууга президенттин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытов аралашып, депутаттардан Конституциядагы нормаларды эске алышын суранды.

Эскерте кетсек, «Кумтөр Голд Компани» ЖАКка өткөн ай үчүн алынган дүң кирешенин 0,6 пайызын ар бир айдын 10унан кечиктирбестен Нарын облусун өнүктүрүү фондунун мекемесинин атайын эсебине которуу сунушталган. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.