Үстүбүздөгү жылдын 6-июнунан тартып Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы темир жолдун жүргүнчүлөрдү ташыган каттамы жанданат. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Бишкектен Россиянын төмөнкү үч шаарына темир жол каттамдары жүрө баштайт:

  • 6-июндан тартып Бишкек – Казань, ар жуманын дүйшөмбү күндөрү;
  • 8-июндан тартып Бишкек – Самара, жумасына эки жолу шаршемби, жума күндөрү;
  • 9-июндан тартып Бишкек – Новосибирск, 8 күндө бир жолу.

Белгиленгендей, Казакстан жана Россиянын чек арасынан өтүүдө COVID-19га каршы ПЧР тесттин терс жыйынтыгын көрсөтүү талап кылынат жана анын мөөнөтү 72 сааттан ашпоого тийиш. Ошондой эле «COVID-19суз саякаттайм» мобилдик тиркемеси дагы колдонулат.

Эскерте кетсек, каттамдар коронавирус илдети тараган учурдан тартып жабылган болчу.