Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Транспорттук ишмердүүлүктү жөнгө салуу жана лицензиялоо бөлүмүнүн инспектору Султанбек Байгазиев Sputnik Кыргызстан радиосунун түз эфиринде автомектептерди текшерүүнүн жыйынтыгы тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, сынактан өткөн автомектептердин 13ү гана лицензиялык талаптарга жооп берип, бир дагы эскертүү алган эмес.

«Текшерүү учурунда лицензиясы жок иштеген мектептерди аныктап, алар жабылды. Чүй облусунда беш, Жалал-Абад менен Баткенде бирден, Ош облусу менен Бишкек шаарында төрттөн автомектеп документи жок иштеп жаткан», — деди Байгазиев.

Байгазиев кошумчалагандай, Кыргызстанда бардыгы 242 автомектеп бар.

Эске салсак, 4-апрелден тарта республикадагы автомектептер текшерилди. Бүгүнкү күндө 142 автомектеп кароодон өтүп, анын 18и жабылды. Андан тышкары, 47 жетекчиге айып пул салынды.