Тажикстан — Кыргызстан — Казакстан — Россия каттамы боюнча өзгөчө ири өлчөмдө апийим ташуу менен алектенген эл аралык топ аныкталып, ишине бөгөт коюлду. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Аталган операция узак убакыт бою дардалган.

«2022-жылдын 25-майында Лейлек районунун Арка айылындагы чек ара тилкесинде комплекстүү ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда коңшу өлкөлөрдүн биринин Х.Т.У. аттуу жараны жалпы салмагы 8 килограмм 350 грамм апийим менен колго түштү. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Кылмыш-жаза кодексинин 98-беренесине ылайык, баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүү боюнча кылмышка шектүү делген жаран кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди», — деп билдиришти аталган комитеттен.

Учурда бул кылмыштын башка дагы катышуучуларын аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүп жатканы айтылды.