Кыргызстан маданият маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов Казакстан президентинин Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында Казакстандын маданият жана спорт министри Даурен Абаев жолукту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда Азамат Жаманкулов кыргыз-казак эли ортосундагы маданий алакалар жана мындан ары кызматташуунун жаңы багыттары тууралуу пикир алмашты.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Азамат Жаманкулов 2021-жылы Казакстандын маданият күндөрү Кыргызстанда жогорку деңгээлде өткөнү белгиленип, казак маданий өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирди.

Мындан сырткары, 2022-жылы Кыргызстан ушундай эле маданий күндөрдү Казакстанда өткөрүү үчүн камданып жатканан айтып, мыкты маданий программа менен бара турганын кошумчалады.

Ошондой эле сүйлөшүүлөрдүн алкагында, 2022-жылы Манастын , ал эми, 2023-жылы кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовду 95 жылдыгына карата алардын айкелин Казакстандын Нур-Султан шаарына орнотуу боюнча маселелер талкууланды.

Ал эми улуу акын, ойчул, агартуучу жана коомдук ишмер Абай Кунанбаевдин айкели Бишкек шаарына орнотуу маселеси чечилип, 26-май күнү ачыла турганы Даурен Абаев билдирди.

Жыйынтыгында эки өлкө ортосундагы маданий кызматташтыкты дагы жогорку деңгээлге көтөрүү жана тажрыйба алмашуу максатында бир катар пландар талкууланып, аны ишке ашыруу биргеликте боло турганын макулдашты.