Бүгүн, 26-майда Бишкекте Евразия экономикалык форуму өтүп жатат. Бул аймактагы ири иш-чара, анын жүрүшүндө ар кайсы өлкөдөн келген адистер көптөгөн актуалдуу маселелерди талкуулашат. Иш-чара алты талкуу аянтчасына бөлүнүп, алардын жүрүшүндө 20 сессия өтөт. Тараптар экономика, санариптештирүү, логистика маселелерине токтолуп, учурдагы геосаясий абалдан чыгуунун жолдорун талкуулашат.

“ЕАЭБдин санариптик күн тартиби 2.0” панелдик талкуусунун жүрүшүндө “Стратегия 2025: келечектеги ЕАЭБдин образын түзүү. Жаңы чөйрөлөр жана ЕАЭБде кызматташуу багыты” сессия өтүүдө. Талкуу сессиясы азыркы жана болочок интеграциялык күн тартибинин актуалдуу маселелерине сырттан байкоочунун позициясынан калыс жооп берүүгө, интеграциялык процесстерди башкаруунун сапатына баа берүүгө, ошондой эле Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүнүн 2025-жылдан аркы интеграциялык өз ара аракеттенүүлөрүн тереңдетүү боюнча кадамдарын белгилөөгө мүмкүндүк берет.

Шанхай кызматташтык уюмунун башкы катчысы Чжан Мин сөз сүйлөп, анда узак убакыттан бери ШКУ жана ЕАЭБ өз ара аракеттерди колдоп, бири-биринин ишмердүүлүгүнө активдүү катышып келерин белгиледи. 2021-жылы уюмдар расмий түрдө кызматташтык түзгөн.

“Биз экономика, каржы, логистика, инвестиция жана башка тармактарда өз ара аракеттенүүнү аныктаганбыз. Ошонун негизинде уюмдар кызматташтыктын укуктук негиздерин өркүндөтүштү. Биз өз ара натыйжалуу аракеттенүү жана терең кызматташуу аймактык өнүгүүгө алып келет деп ишенебиз. ШКУ 20 жыл аралыгында акырындык менен өнүгүүнүн 4 багытын калыптындырды. Уюм аймактык коопсуздук жана туруктуулук маселесинде чоң роль ойнойт. ШКУ Евразияда ачык кызматташтыкка пайдубал болуп саналат”, — деди ал.