Бүгүн, 26-майда Бишкекте Евразия экономикалык форуму өтүп жатат. Бул аймактагы ири иш-чара, анын жүрүшүндө ар кайсы өлкөдөн келген адистер көптөгөн актуалдуу маселелерди талкуулоодо. Иш-чара алты талкуу аянтчасына бөлүнүп, алардын жүрүшүндө 20 сессия өтөт. Тараптар экономика, санариптештирүү, логистика маселелерине токтолуп, учурдагы геосаясий абалдан чыгуунун жолдорун талкуулайт.

“ЕАЭБдин санариптик күн тартиби 2.0” панелдик талкуусунун жүрүшүндө «Стратегия 2025: ЕАЭБ келечегинин образын калыптандыруу. ЕАЭБдеги кызматташуунун жаңы багыттары жана чөйрөлөрү» сессиясы өттү. Талкуу сессиясы азыркы жана келечектеги интеграциялык күн тартибинин актуалдуу маселелерине сырттан байкоочунун позициясынан калыс жооп берүүгө, интеграциялык процесстерди башкаруунун сапатына баа берүүгө мүмкүндүк берет. Ошондой эле Евразиялык экономикалык биримдигинин өлкөлөрүнүн 2025-жылга чейинки горизонттон тышкары интеграциялык өз ара аракеттенүүсүн тереңдетүү боюнча мындан аркы кадамдарын белгилейт.

Россиянын илимдер академиясынын экономика илимдеринин доктору Александр Широв билдиргендей, дүйнөлүк экономика турбуленттүү болушу мүмкүн, бирок негизин аныктаган нерселер бар. Анын айтымында, мындай нерселердин бири демография болуп саналат.

“Биримдикте терс демографиялык тенденцияларга ээ болгон 2 мамлекет бар. Ал эми башка өлкөлөр – оң тенденцияга ээ. Ошендуктан, эмгек менен камсыз кылуунун негизги фактору нейтралдуу болуп саналат. Бул негиз инерциялык экономикалык өсүштүн потенциалын аныктай турганы түшүнүктүү. Кыргызстан жана Казакстанда жакынкы 30 жылда экономикалык өсүү темпи 3-4%га жетиши мүмкүн”, — деп белгиледи Широв.

Ошондой эле ал белгилегендей, биздин экономикада инвестициянын инерциялык түзүмү 7% болгонуна карабастан, бул өтө аз.