Россиянын «Росатом» мамлекеттик корпорациясы Кыргызстандын Баткен облусуна чакан ГЭС курат. Бул туурасында «Росатом Борбор Азия» ишканасынын директорунун бизнести өнүктүрүү боюнча орун басары Руслан Нуралин билдирди.

Ал бүгүн Евразия экономикалык форумунун «Өнөр жай кызматташтыгынын негизги багыттары» сессиясына катышты.

«Биз атомдук энергетикадан сырткары Баткен облусуна чакан гидроэлектр станциясын куруу долбооруна активдүү катышабыз. Станциянын кубаттуулугу — 7 мегаватт. «Росатом» корпорациясы жабдуу менен камсыздай турган негизги жеткирүүчү болуп саналат. Ошондой эле чакан ГЭСти куруу жана пайдаланууга берүүдө консультация берет», — деди Нуралин.

Бүгүн, 26-майда, Бишкекте I Евразиялык экономикалык форум өтүп жатат. Ага 15 мамлекеттен 2,5 миңге чукул киши келгени айтылды. Форумдун алкагында 30дан ашык иш-чара өтөрү күтүлүүдө.

Евразиялык аянтчада өнөр жай, электрондук соода, энергетика жана транспорт тармагы, бизнес менен туризмдин келечеги боюнча алты панелдик талкуу өтүп жатат.

Аталган форумга Кыргызстан төрагалык кылууда.