Республикалык “Сейтек” балдар жана өспүрүмдөр борборунда билим берүү башкармалыгы тарабынан мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын тарбиялануучулары арасында “Эл жомогу-Эл мурасы” аттуу “Манастын урпактары” шаардык фестивалы алтынчы жолу өткөрүлдү.
Иш-чарага мектеп жашына чейинки 3 жаштан 7 жашка чейинки балдар катышты.
Фестивалдын конокторунун арасында КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын жана КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү болду.
Шаардык фестиваль Балдарды коргоонун эл аралык күнүн утурлай өткөрүлдү.
Максаты – кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгы аркылуу салттуу билимдерди жана кыргыз элинин маданий-тарыхый мурастарын жайылтуу, кыргыз элинин маданиятын таанытуу.
Балдар «Акылдуу дыйкан», «Бугу эне», «Чоң казат» жомокторунан үзүндүлөрдү аткарышты.
Баш байгени №127 мектепке чейинки билим берүү мекемеси, 1-орун №82, 141, 2-орун №180, 64, 3-орун орун №187, 22 мектепке чейинки билим берүү мекемелери алды.
Активдүү катышкандыгы үчүн №75,14,5 мектепке чейинки билим берүү мекемелерине дипломдор тапшырылды.