Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргыз Республикасына жасаган расмий сапарынын алкагында биргелешкен кыргыз-казак индустриалдык соода-логистикалык комплексин «Ак-Тилек» (Кыргызстан) жана «Кара-Суу» (Казакстан) автожол өткөрмө пункттарынын аймагында курууга капсула салынды.

Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров менен Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин кеңейтилген курамдагы жолугушуусунда жыйындын катышуучуларына аталган комплекстин курулушуна капсула салуу аземинен видеотасма көрсөтүлдү.

Капсула салуу аземи Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев менен Казакстан Республикасынын Вице-премьер-министри — Соода жана интеграция министри Бахыт Султановдун катышуусунда өтүп, алар Мамлекет башчыларына комплекстин курулушу тууралуу  белгиленген план боюнча отчет беришти.

Аталган индустриалдык соода-логистикалык комплекстин базасында келечекте сүт азыктарын өндүрүү, жер-жемиш жана мөмө-жемиштерди кайра иштетүү, консерваланган төө буурчакты чыгаруу, этти кайра иштетүү, бээнин сүтүнөн капсула түрүндө жасалган биоактивдүү кошумчаларды жана фармецевтикалык препараттарды, кийим-кечелерди жана башкаларды чыгаруу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу пландалууда.